Новости

ОКУРМАН ТРОЛЛЕЙБУС

            Бишкек шаардык борборлоштурулган китепкана тармагынын кызматкерлери жогорудагыдай аталыштагы акция өткөрүштү. Бул маанилүү иш чара заманыбыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө, атактуу акын Алыкул Осмоновдун жаркын элесине жана Адабият күнүнө арналды. Шаарыбыздын Чыгыш автобекетинен майрамдык маанайда жасалгаланган №11 троллейбус өзүнүн каттамы боюнча сапар алды. БШБКТнын директору Күлсайра Дандыбаева жүргүнчүлөргө автокербендин маанисин түшүндүрүп, жүрүшкө ийгилик каалады.

         Китепканачылар Любовь Кошелева менен Гүлзат Ногоева сөз алышып, жүргүнчүлөрдү шаарыбыздын көрүнүктүү жерлери менен тааныштырышып, Чыңгыз Айтматов менен Алыкул Осмоновдун чыгармачылыгына токтоло кетишти. Андан ары Чыңгыз Айтматов менен Алыкул Осмоновдун өмүрүнө жана чыгармачылыгына байланыштуу викторина өткөрүлүп, туура жана так жооп беришкен жүргүнчүлөр баалуу белектер менен сыйланышты.

         Ошону менен бирге эле жүргүнчүлөрдүн ичинен Ч.Айтматовдун жана А.Осмоновдун чыгармачылыгы тууралуу кеңири маалымат беришип, кызыгуу менен катышышты. Жүргүнчүлөргө кызыктуу болгондуктан китепкана кызматкерлерине терең ыраазычылык билдиришти!                  Коомдук ишмер Смальтбек Темиралиев Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына кеңири токтолсо, КР Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, акын жана жазуучу, акын Алыкул Осмоновдун жердеши жана тууганы Күлташыр Шерипбаев жүргүнчүлөргө Чыңгыз Айтматов менен Алыкул Осмоновго арналган ырларын көркөм окуп берди.

     Троллейбустун ичинде жагымдуу поэзия ыргактары жаңырып, китепканачылар менен студент жаштар Алыкул Осмоновдун элге кеңири белгилүү болуп калган ырларынан көркөм окуп беришти. Китепканачылар менен жүргүнчү улуу муундун өкүлдөрү жаштарды көбүрөөк китеп окууга чакырып кетишти.

 

16-12-2021