ЖаҢылыктар
"Жаша жана эстей жүр" спектакли
2021-жылдын 28-апрелинде Ж. Шералиев атындагы № 6 Балдар искусство мектебинин “Жаш канат” элдик ансамбли 9-май Улуу Жеңиш күнүнө карата “Жаша жана эстей жүр” аттуу спектаклин коюшту. Спектаклде 1941-1945-жылдардагы карагашалуу учур тартууланып, аны жаш балдар өздөрүнүн өнөр-таланттары менен чагылдырышты. Бул тарыхый окуя биздин жүрөгүбүздө өлбөй-өчпөй жашап келет жана аны эч качан унутпайбыз. Келген коноктор көздөрүн жашылдантып, ыраазычылык билдирип, ийгилик каалашты.
Ал эми биз Балдар искусство мектебинин жамаатына, мугалимдер К.С Фаткулин, А.К. Фаткулина жана А.А. Фаткулиналарга чоң ырахмат айтуу менен иштерине ийгилик каалап кетмекчибиз! Жана ошондой эле кыргыз элин келе жаткан Улуу Жеңиш күнү менен куттуктайбыз!!
03-05-2021
