Новости

"Кыргыз тили - мамлекеттүүлүгүбүздүн белгиси, көөнөрбөс казынабыз"

Бишкек шаардык борбордук китепкана тармагындагы Ж. Турусбеков атындагы № 2 китепканада "Кыргыз тили - мамлекеттүүлүгүбүздүн белгиси, көөнөрбөс казынабыз" аттуу чакан иш чара болуп өттү. 23-сентябрь Кыргыз республикасынын тил күнү мындан туура 31 жыл мурун, тактап айтканда 1989-жылы 23-сентябрда кыргыз тили мамлекеттик тил деген статуска ээ болгон. Мына ошол күндөн бери бул күн мамлекеттик тил күнү болуп белгиленип келет. Андыктан бардык мекендештерибизди бүгүнкү улуу майрамы менен куттуктайбыз! Кыргыз тили мамлекеттүүлүктүн белгиси, ынтымактын, биримдиктин көөнөрбөс рухий байлыгы. Элдин улуулугу тили менен маданиятында.
Кадырыңды ар убакта даңктайлы,
Ар бир сөзүң көз каректей сактайлы.
Бактыбыздын туу чокусу кыргыз тил
Сыймыгынды түбөлүккө барктайлы!
Жыргагандын баары эле турмуш эмес,
"Жылт" эткендин баары эле жылдыз эмес.
Билебиз деп төштөрун каккан менен,
Билбегендер өз тилин кыргыз эмес! - деп Шайлообек Дүйшеев агабыз айткандай тилибизди, дилибизди унутпайлы!
Иш чарада келечек муундарды өз эне тилин сактоого, баалоого, өнүктүрүүгө чакырып, тил жонундо көптөгөн маалыматтар берилди. Окурмандар мамлекеттик тил боюнча ырларды окуп беришти.

24-09-2021