Новости
Поздравляем с 143 летием города Бишкек
Кербен окшоп ай-жылдарды жүктөгөн
Кербез тоолор – улуу тарых бүтпөгөн.
Бир кезекте чеп курушуп бабалар,
Пишпек атап ордо шаарды түптөгөн.
Келечектүү долбоор менен жасалып,
Кеңейип да, шаардын ичи тазарып,
Көзгө толуп көчөлөрү, жолдору ,
Өзгөрүлгөн Фрунзе деп аталып!
Айкындыкка коңгуроодой кагылдык,
Заман жаңы, адамдар да жаңырдык.
Бишкек ордо атын алып тарыхый,
Биз эгемен өлкө болуп табылдык!
Бар бол, Бишкек! Бүгүн кутман күнү экен,
Бажырайган Ала-Тоонун гүлү экен.
Баарыбызды кучагына батырган,
Бак-таалайдын берекелүү үйү экен!
Сездиң бекен жүрѳктѳгү дабыштан,
Сен тарапка ойлор тынбай жарышкан.
Бир ѳзүңѳ жаным турат талпынып,
Бишкегимди сагынгандай алыстан!
Кубат болуп жүрөк отун жандырып,
Булак болуп кут билимге кандырып,
Өчпөй турган жарыгым сен – Бишкегим,
Өмүрүмө кармап өтөм шам кылып.
29-04-2021