Мероприятия

Мероприятие «Алиппем» посвященное 65 летию профессора Сулаймана Рысбаева

Бишкек шаардык борборлоштурулган китепкана тармагынын борбордук китепканасынын балдарды тейлөө бөлүмүндө үстүбүздөгү жылдын 13-апрелинде балдар жазуучусу, педагогика илимдеринин доктору, профессор Сулайман Рысбаевдин 65 жылдык мааракесине арналган "Алиппем" аттуу иш чара болуп өттү. Кечеде баса белгиленгендей, балдарды китепти сүйүүгө тарбиялоодо үй-бүлөдө эң жагымдуу жана керектүү китептердин болуусу зарыл. Аларга балдарга арналып жазылган жомоктор, табышмактар, жаңылмачтар, элдик балдар ырлары жана макал-лакаптар жазылган кызыктуу китептер кирет. Бул багыттагы китептерди сүйүктүү жаш окурмандарга сунуштоо жана алар менен кененирээк тааныштыруу максатында окурмандар менен ийгиликтүү иш жүргүзүүнүн жолдору сунушталды.

13-04-2021