Мероприятия
Библиотечный урок "Интересная книга который я прочитал"
№ 5 Касым Тыныстанов атындагы китепканада "Мен окуган кызыктуу китеп" библиобар түрүндөгү сабак. Балдардын колунан гаджет түшпөй, китептин ордун телефон басып жаткан заманда китеп окууга тартуу абдан эле кыйын. Ошого карабастан китепканачылар окурмандарды китеп окууга кызыктыруунун үстүндө иштешүүдө. Бүгүн биз жаш досторубузду китепканага "Мен окуган кызыктуу китеп " аталышындагы библиобар түрүндөгү сабакка чакырдык. Бул жолу балдар ар кайсы өлкөлөрдүн тарыхы, маданияты, каада - салты, жаратылышы, жаныбарлар дүйнөсү тууралуу баяндаган китептерди тандашты. Китепкана кызматкерлери бул китептердеги маалыматтарды окурмандарга айтып беришти.
01-04-2021