Мероприятия

С.Орозбаков атындагы №13-китепканада адабий кече

25-мартта С.Орозбаков атындагы №13-китепканада “Инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” жылынын алкагында, “Көркөм окуу же таалим-тарбия алуу” темасына арналган Б.Бейшеналиева атындагы КММИУнун театр факультетинин “Режиссура жана актёрдук чеберчилиги” кафедрасынын “Куурчак актёру” бөлүмүнүн 5-курсунун студенттери тарабынан даярдалган чет элдик жана кыргыз классикалык чыгармалардан көркөм окуу адабий кечеси болуп өттү. Жетекчиси Макеева Кундуз Турдубековна. Бул иш-чарада: Эркинбек уулу Бекнур “Ак шаалы”(Мориц Гартман), Дуулат кызы Айжан “Назинин жалгыздыгы” (М.Байжиев), Мусабаева Гүлиза “Эненин дастаны” (К.Алмазбеков), Кадыров Тыныстан “Күнөөсүз күнөөлүүлөр” (Н.Островский), Момунтаева Майрам “Кыргыз келинин ыйы” (Ш.Дүйшеев), Дубанбек кызы Бурулсун “Күтүү” (Ш.Абдраманов), Кадыралы уулу Самат “Эсиңе кел” (Ш.Дүйшеев), Токтомамбетов Адилет Ч.Айтматовдун “Кыямат” чыгармасынан көркөм окушту жана мультфильмдерге үн коштоо чеберчилигин жогорку деңгээлде көрсөтүшүп, көрүүчүлөрдүн купулуна толушту. БМУнин 1-курсунун студенттери 38 окурман катышышты.

27-03-2021