Мероприятия

Этнографический урок, посвященный празднику «Нооруз» в библиотеке №13 им. С.Орозбакова

19-март 2021-жылы, С.Орозбаков атындагы №13 китепканада “Нооруз” майрамына арналган этнографиялык сабак Кыргыз Мамлекеттик искусство университетинин 1-курсунун студенттеринин катышуусунда, Д.Күйүкова атындагы сыйлыктын ээси, ага окутуучу Макеева Кундуз Турдубековнанын жетекчилиги астында болуп өттү. Улустун улуу күнүн белгилөө салтанатынын көркүн ачкан түркүн курактагы манас айтуучулук өнөрү, комуздун коштоосундагы кубулжуган ырлар, “Жалын” бийи, “Шырылдаң” менен “Бекбекейди” созгон кыз-жигиттердин ырлары болду. Өзгөчө көрүүчүлөрдүн катышуусу менен уюштурулган конкурстук оюн-зооктор абдан жандуу жана кызыктуу өттү. № 13 китепкананын жамааты баардыгыңыздарды келе жаткан Нооруз майрамы менен куттуктайбыз!

26-03-2021